Кыргыз-Тажик чек арасында саат 8:00гө карата абал турукташуу тенденциясы менен чыңалган бойдон сакталып турат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан маалымат таратышты.
Билдирүүгө таянсак, түн тынч өттү.
"УКМКнын Чек ара кызматынын Баткен облусуна караштуу бөлүкчөлөрүнүн өздүк курамы күчөтүлгөн режимде кызмат өтөөнү улантууда", - деп жазылат маалыматта.