Тажик тарап макулдашууну бузуп Паскы-Арык жерлигин аткылады

Кыргыз-Тажик чек ара тилкесинде саат 9:00гө карата чыңалуу бойдон сакталууда. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан маалымдашты.

Ага ылайык, тажик аскерлери буга чейинки макулдашууларды бузуп, саат 08:50дөн 08:55ке чейин Баткен районунун Паскы-Арык жерлигине минометтон ок чыгарган.

"Саат 8:55те аткылоо токтотулду. УКМКнын Чек ара кызматынын Баткен облусунун аймагында жайгашкан бөлүмдөрүнүн өздүк курамы учурдагы кырдаалды турукташтыруу боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан