Тышкы иштер министри ЕККУнун төрагасы менен телефон аркылуу сүйлөштү

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев ЕККУнун учурдагы төрагасы, Польшанын тышкы иштер министри Збигнев Рау, ошондой эле ЕККУнун башкы катчысы Хельга Шмид менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу ТИМ билдирет.
Маалыматка ылайык, сүйлөшүүдө кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал талкууланды.
"Кыргыз тарап учурдагы абал боюнча актуалдуу маалыматтарды жеткирип, Кыргыз өлкөсүнүн деэскалацияга умтулуусун, кырдаалды саясий жана дипломатиялык жол менен гана жөнгө салуу боюнча өзгөрүүсүз позициясын баса белгиледи.
Өз кезегинде ЕККУнун өкүлдөрү келип жаткан кабарларга терең тынчсыздануусун белгилеп, чыр-чатактын курчушуна жол бербөөгө жана аны тынчтык жолу менен чечүүгө чакырышты. Ошону менен бирге тараптардын конструктивдүү диалог түзүү аракетин кубаттап, мурда жетишилген ок атууну токтотуу келишимдерин урматтоого чакырышканы айтылат", - деп жазылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан