Ош облусунан жөнөтүлгөн гуманитардык жүк Баткенге жетти. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалымдалгандай, жалпы 100 тонна азык-түлүк, гигиеналык, балдар үчүн каражаттар жиберилген.
Гуманитардык жардам чогултуу улантылып жатат.