Түркиянын Тышкы иштер министрлиги Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы куралдуу кагылышууга тынчсыздануусун билдирди. Бул тууралуу түрк басылмалары жазып чыкты.
"Дос жана боордош эки өлкөнүн ортосундагы бул тирешүү эч кандай курчубай, дароо токтотулуп, көйгөйлөр диалог аркылуу тынчтык жолу менен чечилет деп үмүттөнөбүз", - деп айтылат Түркия ТИМинин билдирүүсүндө.