
Нарын шаардык мэриясы, Нарын активдүү жаштары менен бирге Баткен жергесине колдоо көрсөтүү максатында материалдык жардам кабыл алуу пунктун уюштурду. Бул тууралуу Нарын шаардык мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.
Мындан сырткары республикалык бирдиктүү банк эсеби ачылды.
Мекендештерибизге жардам көрсөтүүнү каалагандар Нарын шаарынын Турдакун Усубалиев атындагы борбордук аянтындагы штабга келсе болот.
Ошондой эле Нарын шаардык мэриясынын кызматкерлери бир күндүк эмгек акыларын Баткен облусунун элине жардам катары которушат.