Президенттин администрациясынын жана башка мамлекеттик органдардын кызматкерлери Баткен облусунун жашоочуларына жардам катары бир күндүк эмгек акысын которушат. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өлкөдөгү бардык министрликтеринин эмгек жамааттары Баткен облусундагы чек арадагы окуяга байланыштуу өздөрүнүн бир күндүк эмгек акысын материалдык жардам катары которушууда.
Мындан тышкары, башка мамлекеттик органдар да бир күндүк маянасын которушууда. Бир күндүк эмгек акысын которууну каалаган мамлекеттик органдардын тизмеси толукталууда.