Бишкек шаарындагы Республикалык кан борборуна тажик тараптын куралдуу кол салуусунан жабыр тарткандарга кан берүүнү каалаган тургундар байма-бай келип жатышат.
Мекемеден билдиришкендей, таң эртеден бери 500дөй адам келди. Алардын 300дөн ашууну кан тапшырды. Мындан сырткары имарат сыртында өз кезектерин күтүп жаткандар да бар.
"Каалагандар саат 14:00гө чейин кан тапшырып кетишсе болот. 18 жаштан 60 жашка чейинки жарандар донор боло алышат", - дешти мекемеден.