Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгы Баткен окуясынан жабыркагандарга жардам көрсөтүү боюнча ыкчам штаб түздү. Бул тууралуу Муфтияттан билдиришти.
Маалыматка ылайык, муфтий Замир Ракиевдин буйругу менен Баткен облусунда болуп жаткан окуялардан жабыркаган мекендештерибизге жардам көрсөтүү боюнча ыкчам штаб түзүлдү.
Ыкчам штабга Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын жетекчилиги жана өлкө аймагындагы казылар киришип, райондордун борборлорунда жардам чогултуу пункттарын ачуу боюнча иштер башталды.
Штабдын ишин муфтий Замир Ракиев өз көзөмөлүнө алып, уюштуруу иштерин орун басары Абибилла Кадырбердиевге тапшырды.
Муну менен катар муфтий өлкөдөгү расмий дин кызматкерлерине намаздарда мамлекетибиздин бүтүндүгүн, элибиздин биримдигин тилеп, дубаларды кылуу жана хатм Курандарды баштоо боюнча тапшырмаларды берди.
Ал эми райондун борборлорунда ачылган жардам чогултуу пункттарынын даректери боюнча кошумча маалыматтар берилет.