"Колу-бутуна, көзүнө ок тийген". Чек арадагы жаңжалдан жабыркаган 20 адам улуттук госпиталда дарыланууда

Чек арадагы жаңжалдан жабыркаган 20 адам улуттук госпиталда дарыланууда. Бул тууралуу SUPER.KG порталына башкы врач Токтобай Маанаев билдирди.

Анын айтымында, жабыркагандардын абалы орто, учурда бир жаранга операция жасалды.

"Бүгүнкү күндө улуттук госпиталда Баткен облусундагы жаңжалдан улам жабыр тарткандардын 20сы дарыланууда. Кечээ, 16-сентябрда келишкен, алардын сегизи аскер кызматкери, экөө кенже медицина кызматкери, калгандары облустун тургундары. Алардын бардыгы октон жаракат алгандар, буту-колуна, көзүнө ок тийген. Абалдары орто, өтө оор абалда болгондор жок.

Бизде 38 клиникалык бөлүм бар, бардык керектүү жардамдарды көрсөтүп жатабыз. Дары-дармектер жетиштүү. Учурда бирөөнө гана операция жасалды", - деди башкы врач.

Соңку маалыматтарга караганда, тажик тараптын кол салуусунан жабыркап, ооруканага кайрылгандардын саны 103кө жетти, куралдуу кагылышта 24 адам набыт болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан