Жарандык активист Тилекмат Кудайберген уулу абактан бошотулду

Жарандык активист Тилекмат Кудайберген уулу жаза мөөнөтүн өтөп бүткөнүнө байланыштуу боштондукка чыкты. Бул тууралуу активист Эрлан Бекчоро уулу билдирди.

"Көптөн күткөн күн келип, Тилекмат инимдин абактагы жаза мөөнөтү өткөнүнө байланыштуу азаттыкка чыкты! Колдоп турган жалпы элге, жарандык активистерге, саясатчыларга жана бардык тарапташтарыбызга терең ыраазычылык айтабыз. Эки жыл тынбай элге маалымат жеткизип турган ММК өкүлдөрүнө таазим. Тилекмат, алтын башың аман болсун. Эч бир үй-бүлөдө кайгы-капа болбосун. Бар болуңуздар!", - деди ал.

Эске салсак, Тилекмат Куренов Фейсбуктагы баракчасы аркылуу "бийликти күч менен басып алууга чакырган” деген айып менен кармалган. Ага карата Жазык кодексинин 310-беренеси "бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар" жана 264-беренеси "массалык баш аламандык" боюнча иш козголгон. Кийинчерээк 1 жыл 6 айга кесилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан