Жогорку Кеңештин депутаттары жабыркагандар үчүн кан тапшырат

Жогорку Кеңештин депутаттары жана аппарат кызматкерлери мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде түзүлгөн кырдаалдан жабыркагандар үчүн кан тапшырат. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, Баткендеги кырдаал боюнча Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан Бишкек жана Ош шаарларында түзүлгөн атайын штабдар тийиштүү жумуштарды алып барууда.

"Учурда депутаттар тобу Баткен облусунда жана Ош шаарында жүрөт.

Жергиликтүү тургундар аталган штабдарга кайрылуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Ал эми эл өкүлдөрү жарандар тарабынан түшкөн кайрылууларга жана айтылган сунуш-пикирлерге ылайык министрлер кабинети менен бирге керектүү чараларды көрүүдө", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан