Баткен облусуна жалпы 106,6 тонна гуманитардык жардам жеткирилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, материалдык резервдер фондусунан 6500 литр күйүүчү май, 25 тонна ун, 4 тонна шекер, 10 миң литр өсүмдүк майы бөлүнгөн.
Мындан сырткары, мекеме-ишкана, жарандар тарабынан 90 миң 326 тонна азык-түлүк жиберилген.
Азыркы тапта гуманитардык жардам чогултуу улантылып жатат.