Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы куралдуу кагылыш болгон жерден 136 миң 770 жаран коопсуз аймакка эвакуацияланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн саат 12-00гө карата Баткен облусу боюнча убактылуу кабыл алуу жайлары ачылып, ага 4458 жаран жайгаштырылган.
Баткен облусу боюнча абалды жөнгө салуу үчүн Жарандык коргонуу кызматтарынан 7498 кызматкер, 335 техника тартылган (анын ичинен ӨКМден 406 кызматкер, 25 техника). Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан, Ош облусунан жана БУУдан товардык материалдык баалуулуктар жөнөтүлдү.
Азыркы учурда Баткен облусуна жалпы 106,6 тонна гуманитардык жардам жеткирилип, анын ичинен 33,5 тонна гуманитардык жардам Маргун айыл өкмөтүнө таратуу үчүн жөнөтүлгөн.