Чек арадагы чыр: Жаракат алгандардын саны 121ге жетти

Бүгүн саат 14:00гө карата Тажик тараптын куралдуу кол салуусунан жаракат алгандардын саны 121ге жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Билдирүүгө таянсак, алардын ичинен 7 жабырлануучу амбулатордук дарылоого жөнөтүлдү. Жаракат алгандар төмөнкү ооруканаларга кайрылган:

1. Баткен облустук бириккен ооруканасы – 41;

2. Лейлек жалпы дарыгерлер практикалык борбору - 35;

3. Кулунду жалпы дарыгерлер практикалык борбору - 3;

4. Сүлүктү жалпы дарыгерлер практикалык борбору - 6;

5. Улуттук госпитал – 21;

6. Улуттук хирургиялык борбор – 1;

7. Эне жана баланы коргоо улуттук борбору – 6;

8. Ош облустук бириккен ооруканасы – 1.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан