Тышкы иштер министри ШКУнун башкы катчысы менен кыргыз-тажик чек арасындагы абалды талкуулады

Бүгүн, 17-сентябрда тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) башкы катчысы Чжан Минг менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тараптар кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы абалды талкуулашкан.
"Чек арадагы абал боюнча акыркы маалыматтар эл аралык уюмдун жетекчисине жеткирилди. Ошону менен бирге кыргыз тарап кризисти эки өлкөнүн элдеринин жыргалчылыгы үчүн саясий жана дипломатиялык жол менен тынчтык жолу менен чечүү боюнча өзгөрүүсүз позициясын билдирди. Кыргызстан күч жана кырдаалды курчутуу саясатын кабыл албайт.
ШКУнун Башкы катчысы каза болгон аскер кызматкерлеринин жакындарына, тургундарга жана жабыркагандарга көңүл айтып, ошондой эле эки коңшу мамлекеттин ортосундагы түзүлгөн кырдаалга тынчсыздануусун билдирип, жаңжалды тынчтык жолу менен жөнгө салууга чакырды", - деп жазылган маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан