Өзгөчө кырдаалдар министрлиги гуманитардык жардамга тез бузулуп кетүүчү тамак-аш, азык-түлүктөрдү тапшырбоону суранат. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында куралдуу кагылышуудан улам жабыр тарткан жарандарга жардам көрсөтүү максатында жер-жерлерде гуманитардык жардамдарды кабыл алуучу атайын түйүндөр ачылган.
"Гуманитардык жардамдарды кабыл алуу түйүндөрүнө тез бузулуп кетүүчү тамак-аш, азык-түлүк топтомдорун тапшырбоонуу сиздерден өтүнөбүз. Анткени алыскы жолго жөнөтүүдө тамак-аш тез бузулуп кетет. Кыска убакытта бузулуучу тамак-аштын ордуна акчалай тапшырууңуздарды сиздерден суранабыз", - деп жазылат билдирүүдө.
Ал эми акча каражатын төмөнкү эсептик номерлерге салса болору айтылат.
Эсептик номерлер: 4409021103005073 БИК 440902 - (МКП, ВКП) БИК 440001,
Комбанк эсеби: 1352119929762602, ААК "Айыл банк" БИК 135001
Төлөмдүн аталышы: Баткен окуясынын жабырлануучуларына
Төлөм коду:14411100.