Акылбек Жапаров мэр, акимдерге маркумдарды акыркы сапарга узатуу иш-чарасын тапшырды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, шаар мэрлери жана райондордун акимдери менен видео байланыш аркылуу ыкчам кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кеызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Акылбек Жапаров район акимдери менен шаар мэрлерине каза болгон жарандарды акыркы сапарга узатуу иш-чараларын уюштурууга максималдуу түрдө көмөк көрсөтүүнү тапшырган.

"Сөөк коюу жөрөлгөсү каада-салтка ылайык, бардык сый-урмат менен уюштурулушу керек", - деген ал.

Төрага жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери аймактардагы коомдук-саясий кырдаалды көзөмөлгө алуусу зарыл экендигин кошумчалады.

"Баткен облусуна өлкөнүн бардык аймактарынан гуманитардык жардамдарды чогултуу жана жеткирүү иштерин уюштуруу зарыл. Кыргыз эли эзелтеден кыйын учурларда биримдикте болуп, бири-бирине жардам берип, колдоо көрсөтүп келген. Азыр жардам берүүнү каалаган жарандар көп болгондуктан гуманитардык жардамдарды кабыл алуу пункттарын ачуу жана аны Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин көзөмөлүндө борборлоштурулган түрдө Баткен облусуна жеткирүүнү камсыз кылуу маанилүү", - деди Жапаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
bosmos77777
2022-09-17 16:13:00
Силер мындан башка не иш кыла аласынар??? Чет жерде иштегендердин, маселесин алдына ала чечпей. Ал жактан соокторду шаан шоокот менен алып келдинер. Азыр деле, Оруссия менен маселени так чече элексинер. Бул чек ара маселесине . Тузугурооок жооп кайтара турган. Атайын даярдыктаагы аскерлерди жана курал жарактарды койбой. Жаш жоокелерди ,жай тургундарды.Точиктерге салып бердинер.
+2
nurik73
2022-09-17 17:25:00
bosmos77777 туура айтасын негизи. Андай мундайды уйуштурмай, акча чогултмай, гум жардам чогултмай жагынан бул бийлик томон жагынан баштап жакшы эле экен. Эми албетте эл бири бирине жардам берет. Бирок мамлекет озу да иштерди алып барыш керек. Эч бир маселени оз алдынча чече албаса бийлик эмне деген бийлик. Негизи чек араны жана башка куралдуу кучторун жакшылап уюштуруп жана баткен обласын онуктуруп элди иш менен камсыз кылса чек ара маселеси озу эле чечилмек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан