Чоң-Алайдын 5 миңден ашуун тургуну эвакуацияланды

Ош облусунун Чоң-Алай районунун 5034 тургуну эвакуацияланды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, райондун Жекенди айыл аймагынан бүгүнкү күндө 5034 адам эвакуацияланган. Анын ичинен 92 адам убактылуу жайгашуу пунктуна, калган 4942 жаран жакындарыныкына жайгаштырылды. Учурда тамак-аш жергиликтүү бийлик тарабынан берилип жатканы айтылат.
"Чон-Алай району боюнча эвакуациялоо иш-чараларына Жарандык коргонуу кызматтарынан, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынан жалпы 185 кызматкер, 12 техника жана ошондой эле жергиликтүү тургундардан 673 жаран, 149 техника тартылган", - деп жазылат маалыматта.
ӨКМнын Ош облустук башкармалыгынан Чоң-Алай районуна 80 матрац, 44 жаздык, 500 даана жууркан бөлүнүп берилгени кабарланат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
bosmos77777
2022-09-17 16:23:00
Элге курал бергиле. Точикти ордуна койот. Алай Эли тоодон жашынып туруп эле. Ташмаевдин Кыргыз аскерин жетектееп тургандаагы шаалакылыгы. Коргозмо иштери(Популизм) аркылуу иш аракетеринин натыйжасы. Байрактары Баткенде кооптуу болсо. Мобул тоо аймактарына учуруп. Точиктин кабыргасын кайыштырса болмок.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан