Билим берүү жана илим министрлиги Баткен облусундагы өзгөчө кырдаалдарга байланыштуу материалдык колдоо көрсөтөт.
Министрликтен билдиришкендей, министрликтин жана анын ведомстволук уюмдарынын кызматкерлери бир күндүк эмгек акыларын Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы куралдуу кагылышуудан жабыр тарткан Баткен облусунун тургундарына жардам катары которушат.
Белгилеп өтсөк, Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда жаракат алгандардын саны 121ге жетти. Саламаттык сактоо министрлиги каргашалуу окуядан 24 жаран набыт болгонун маалымдаган.