Белгилүү иллюстратор Татьяна Зеленская өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына Баткендеги чек арада болуп жаткан кагылышууларга байланыштуу өзүнүн эмгегин жарыялады.
Зеленская эмгегинде "Үй бар" деген жазууну кармап турган балдарга арнаган. Мындан тышкары ал элдин бири-бирин колдоп, биримдиктүү экенин эскерте кеткен.
Белгилей өтсөк, Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал 16-сентябрда курчуган. Акыркы маалыматка ылайык, Тажик тараптын куралдуу кол салуусунан 121 адам жаракат алса, 24 жаран набыт болгону кабарланды.