"Гумжардам ташуу жана жарандарды эвакуациялоо үчүн". Баткенге 65 тонна дизель майы бөлүнгөн

Баткен облусуна гуманитардык жардам ташууга жана жарандарды эвакуациялоого 65 тонна дизель майы бөлүнгөн. Бул тууралуу ӨКМнын жарандык коргонуу башкы башкармалыгынын ыкчам бөлүмүнүн башчысы Таалайбек Айткулов "Кабар" агенттигиндеги түз эфир учурунда билдирди.

Маалымдалгандай, Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан бөлүнгөн 65 тонна дизель отундун 33 тоннасынан ашыгы Баткенге жеткирилди.

“Ал жарандарды эвакуациялоого, гуманитардык жардамды жеткирүүгө жана кырдаал турукташканда калкты кайра үйлөрүнө жеткирүүгө багытталат”, - дейт Айткулов.

Белгилүү болгондой, Баткенге жалпы 164 тонна 846 килограмм гуманитардык жүк чогулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан