УКМКнын Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуу болуп жаткан жердеги жоокердин видеосу менен бөлүшкөн.
Анда аскер чек арадагы абал тууралуу маалымат берген.
Бүгүн, 17-сентябрда аталган жоокер дагы бир видео жайгаштырып бардык колдоо көрсөткөндөргө ыраазычылык билдирген.
"Бул видео аркылуу мени колдогон, мен үчүн жана Баткен облусун коргоп жаткан бардык жоокерлер үчүн дуба кылган бардык мекендештериме ыраазычылык билдирем", - деген кыргыз жоокери.