Бүгүн, 19-сентябрь саат 9:00гө карата Тажикстандын куралдуу кол салуусунан жаракат алган жарандардын саны 163кө жетти. Маалыматты Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Кабарлангандай, түндө Баткен облусундагы саламаттык сактоо мекемелерине 19 жабырлануучу кайрылган. Алардын ичинен 12 бейтап амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн.
Ооруканаларда 144 бейтап дарыланууда. Алардын арасынан 19у амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү.
Жабыркагандардын көбү Бишкек жана Ош шаарындагы саламаттыкты сактоо уюмдарына которулган (102 жабырлануучу):
1. Улуттук госпиталда - 71 жаракат алган жаран;
2. Улуттук хирургиялык борбор – 8 жабырлануучу;
3. Эне жана баланы коргоо улуттук борбору – 8 жабырлануучу
4. Тез жардам ооруканасы - 9 жабырлануучу;
5. Ош облустук бириккен ооруканасы – 4 жабырлануучу;
6. Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасы – 2 жабырлануучу.
Калган жабыр тарткан жарандар Баткен облусунун саламаттыкты сактоо уюмдарында стационардык дарыланууда. Баарына керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп жатат.