Биз социалдык тармакта

Абакта күнүнө миңден ашык микрочип чогултулат

Чүй облусунун Петровка айылындагы Жазаларды аткаруу мамлекеттик мекемесинин №8 түзөтүү мекемесинде заманбап технологиянын бир багыты болгон микрочип чогултуу иши жолго коюлган. Бул жерде соттолгондор тиричилик техникасын чыгарууда колдонулуучу микрочиптерди чогултушат. Дыкаттыкты жана тактыкты талап кылган цех 2026-жылы ишке кирген. Учурда анда 22 соттолгон жаран эмгектенет.

"Микрочиптер тиричилик техникасын чыгарган ишканалардын буйрутмасы боюнча даярдалат. Бул ишти үйрөнүү үчүн соттолгондор 3 айлык окуудан өтүшөт. Алар микрочипти чогултууну, анын түзүлүшүн жана сапатын текшерүүнү өздөштүрүшөт. Даяр болгон продукциянын сапатын жана жарамдуулугун технологдор текшеришет. Андан кийин гана инвесторлорго өткөрүлүп берилет", - деди аталган түзөтүү мекемесинин өндүрүш аймагынын кызматкери Нурбек Акматов.

Цехте иштеген соттолгондордун бири бул ишти видео сабактарды көрүү аркылуу ушул жерден үйрөнгөнүн айтты. "Апрель айынан бери микрочип чогултуу менен алектенем. Азыр күнүнө жалпысынан 1030 даана микрочип чогултабыз. Айына 33-34 миң даана даярдалат. Эмгек акы 600 сомдон 2 миң сомго чейин жетет", - деди ал.

Микрочип чогултуудан тышкары, №8 түзөтүү мекемесинде эмерек жасоо, нан бышыруу, кийим тигүү, ширетүү жана автоунааларды оңдоо цехтери да иштейт. Иштеген соттолгондордун эмгек китепчелери толтурулуп, социалдык төлөмдөр жүргүзүлөт. Айлык акылары ай сайын банк карталарына которулат.

№8 түзөтүү мекеменин жетекчисинин орун басары Курсантбек Момукуловдун айтымында, учурда бул жерде 1000ден ашык адам жаза өтөп жатат. Алардын 248и өндүрүш тармактарында эмгектенет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан