Эртең, 20-сентябрда борбор калаада жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан маалымдашты.
Абанын температурасы:
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 12...17, күндүз 28...33;
Чүй облусунда түнкүсүн 12...17, күндүз 27...32;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 7...12, күндүз 20 ... 25;
Талас облусунда түнкүсүн 7...12, күндүз 25...30;
Нарын облусунда түнкүсүн 3...8, күндүз 23...28;
Бишкек шаарында түнкүсүн 15…17 күндүз 30…32.