Баткен облусуна 497 миллион 600 миң сом бөлүндү. Бул тууралуу финансы министринин орун басары Жибек Дүйшеева билдирди.
"Бул каражат жарандарды коопсуз жерге жайгаштыруу, азык-түлүк, дары-дармек жана медициналык каражаттар менен камсыз кылууга жумшалат.
Акча Өзгөчө кырдаалдар министрлигине, Ички иштер министрлигине, Саламаттыкты сактоо министрлигине жана Баткен облусундагы өзүн-өзү башкаруу органдарына которулат", - деп айтылат маалыматта.