Иманкулов: "Күч түзүмдөрүнүн айлык маянасы бүгүндөн баштап 50 пайызга көтөрүлдү"

Мамлекет башчысынын атайын жарлыгы менен бүгүндөн баштап өлкөнүн күч түзүмдөрүнүн айлык маянасы 50 пайызга көтөрүлдү. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов билдирди.

"Биздин чек арачылар, ӨКМ, ИИМдин кызматкерлери, жалпылап айтканда бардык күч түзүмдөрүнүн айлык маянасы бүгүндөн баштап, 50 пайызга көтөрүлдү. Буга байланыштуу президент атайын жарлыкка да кол койду. Биз ушундай жолдор менен кыргыз армиясына өзгөчө көңүл буруп жатабыз. Соңку бир жылда, бул тармакта биз алгылыктуу иштерди жасай алдык деп айта алам. Анткени, бул аралыкта алардын айлыгы көтөрүлүп, аскердик техникабызды жакшыртуу боюнча да жумуштарды жасадык. Мындай жумуштар мындан кийин да улантылат", - дейт Иманкулов.

Эскерте кетсек, ушул тапта Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов өлкөдө түзүлгөн кырдаал боюнча түз эфирде маалымат берип жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Кж кж
2022-09-19 17:31:00
Тез жардам авто унаасын айдаган айдоочуларчы 0.50 оклад 5500 сом айлыка иштеп оздорунун мекенчилдигин корсотуго ошолоргода бираз конул бурса экен канчалаган жоокерлерибиздин омурлорун сактоо учун аракет кылды эгер кааласаныздар суроторун жиберем ок тийген тез жардам унааларын Аллах тынчтык биримдик берсин
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан