Алимбаев Тажикстандын кол салуусунан Ак-Сай айылындагы 180 үй өрттөлгөнүн маалымдады

Тажикстандын куралдуу кол салуусунан Ак-Сай аймагында 180 үй өрттөндү. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев билдирди.

Маалыматта айтылгандай, 1-сентябрда эле ачылышы болгон бала бакча да талкаланган.

"Тажикстандын агрессиялуу кол салышынан улам Ак-Сай айылындагы бала бакча, мектеп, карапайым жашоочулардын үйлөрү талкаланып, өрттөлгөн. Мындан тышкары жергиликтүү тургундардын мал-жандыктарын тоноп кетишкен. Ошондой эле стратегиялык объектилерибиз да талкаланды. Көк-Таш - Ак-Сай жолундагы көпүрөнү да атайын жардырышкан. Учурда аталган көпүрөнү калыбына келтирүү иштерин баштадык", - дейт ал.

Видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан