20 жаштагы жоокердин сөөгү Марказ айылында жерге берилди

Тажикстандын куралдуу кол салуусунан курман болгон 20 жаштагы жоокер Марат Ташмурзаевдин сөөгү кичи мекенинде жерге берилди. Бул туурасында маркумдун жакындары кабарлады.

Айтымдарында, жоокердин сөөгү кечээ, 18-сентябрда Кадамжай районунун Марказ айылында жерге берилген.

Марат Ташмурзаев 2002-жылы жарык дүйнөгө келген. Кадамжай районунун Айдаркен шаарында чоңойгон. Баткен облусундагы "Бөрү" отрядында кызмат өтөп жаткан.

SUPER.KG порталы шейит кеткен маркумдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kun-nuru
2022-09-19 18:53:00
Курман болгондордун жайы жаннатта болсун эл-жерибиз тынч болсун.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан