Коопсуздук кеңешинин катчысы: "Кол салуу болорун билгенбиз, бирок мындай масштабды күткөн эмеспиз"

Тажикстан Кыргызстанга кол салууга даярданып жатканы туурасында маалыматыбыз болгон, бирок масштабы мынчалык болот деп күткөн эмеспиз. Бул туурасында Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов билдирди.

"Тажикстан ушундай агрессия кылууга даярдык кылып жатканы туурасында маалыматтарды алып жатканбыз. Президенттин катышуусунда да бир канча жыйындарды өткөргөнбүз. Даярдыктар жүрүп жаткан, бирок мындай масштабдуу, мындай күч менен бир маалда чек аранын бардык аймагынан кол салат деп күткөн эмеспиз. Бирок мен айткым келет, эгерде биз даярдык көрбөгөндө мунун масштабы мындан дагы чоң болмок. Биздин аймакка кирип алып чыкпай коюшмак. Биз алардын өлкө аймагына берилеп келишине жол берген жокпуз", - дейт катчы.

Иманкулов мында чек арачылардын, укук коргоо органдарынын салымы чоң экенин баса белгиледи.

Баткен жана Ошто кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу, бирок чыңалуу бар экени айтылат. 14-сентябрда башталган тажик тараптын кол салуусунан Кыргызстандын 59 жараны мерт кетти. Алардын арасынан 40тайы аскер кызматкери.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Medina87
2022-09-19 17:33:00
Жоо кеткен сон Кылычынды Бокко чап!
+1
bosmos77777
2022-09-19 18:13:00
Калп даярдыкта турганынарда. Мизин кайтармаксынар! ( Чек арада жайгашкан Элдин, Ыдырыстын бугунку корсотуусун коргуло. Даярдыкта болсо, аскерлерге куралын октоп алып, ок атууга даяр тууруга "Буйрук" берилмек. Жай тургундар эрте кооптуу жерден алып чыгылмаак. ) Кыргыздын кабарчылары 19 000 алтынды Ким аныктаап чыгарды. Садыр Азим Рой менен тушконун Ким ???Таратты менен алек болуп отургансынар.
0
Sambet08
2022-09-19 18:56:00
Даяр эмес экендигинер корунуп турса да мойнуна албайсынго, кол салышын билсенер бардык кырдаалга аскерлерди даярдап кучтондуруп койот эленер, разведчиктер эшек такалап атабы ушундайларды изденбей, мындайды куткон эмесбиз деп керек болсо мындан да жаманы болот деп даяр болуш керек эле, соз деле жалка силерге
0
Аkjol18
2022-09-19 19:48:00
Туалеттен бери лента кесип,пиар менен алек болуп жүрсөңөр,каяктан даярданмаксыңар. Жашыруун,жарыя кылбай эле күчтүү куралдарды алып койгулачы сураныч.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан