Баткенде Тажикстандын агрессиясынан улам зыян тарткан турак жайларды аныктоо үчүн атайын комиссия түзүлдү. Бул тууралуу президенттин Баткендеги өкүлү Абдикарим Алимбаев билдирди.
"Учурда 4 комиссия түзүлдү. Алар биргеликте куралдуу кол салуу болгон аймактарда иш алып барышат. Комиссиянын курамында менин орун басарларымдын бири баш болуп, мамлекеттик органдардан, күч жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү бар", - дейт облус башчысы.
Учурда куралдуу кол салуу болгон айылдарда тиешелүү кызматтар тарабынан тазалоо иштери жүргүзүлүп жатат.