Ош облустук балдар ооруканасында Тажик тараптын куралдуу кол салуусунан жабыркаган 7 бала дарыланууда. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 18-сентябрда Ош облустук балдар ооруканасына Баткен облусунан келген 7 бала жаткырылган. Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун тапшырмасына ылайык, бүгүн вице-мэр Венера Рыскулова баштаган мэриянын тиешелүү адистери балдардын абалы менен таанышты.
Бейтаптар дарыгерлердин такай көзөмөлүндө экени, дары-дармек менен камсыз болуп, керектүү жардамдар тийиштүү деңгээлде жүргүзүлүп жатканы белгиленди.
Жыйынтыгында балдарды жана энелерин кошумча кийимдер менен камсыздап, керектүү гигиеналык каражаттар запасы менен болушу керектиги айтылды. Жалпысынан Ош облустук балдар ооруканасында 7 бейтап дарыланууда.