Баткен облусунда 16 медициналык бригада иштеп жатат

Баткен облусунда үзгүлтүксүз медициналык жардам көрсөтүү үчүн 16 медициналык бригада иштеп жатат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан маалымдашты.

Билдирүүдө айтылгандай, медициналык жардамды үзгүлтүксүз көрсөтүү үчүн учурда Баткен облусунда ар кандай профилдеги компетенттүү адистерден түзүлгөн 16 медициналык бригада – 100дөн ашык медицина кызматкерлери (хирургиялык, травматологиялык, педиатриялык, акушердик-гинекологиялык, психиатриялык) иштөөдө.

Ар бир облустан медициналык бригадалар түзүлүп, жөнөтүлүүдө. Учурда резервдеги медициналык бригадалар түзүлүп жатат, керек болсо алар да Баткен облусуна жөнөтүлөт. Баткен облусунда 44 "Тез жардам" бригадасы иштеп, 39 "Тез жардам" унаасы тартылган. Мисалы, Баткен облусунда 10, Лейлек районунда 12 унаа бар. Ал эми Ош облусунан жана Баткендин Кадамжай районунан да "Тез жардам" унаалары тартылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан