Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын өздүк курамы жана ИИМдин Ички аскерлеринин 707 аскер бөлүгүнүн аскер кызматчылары кошумча тартылган күчтөр менен биргеликте күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөнү улантышып, коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздашууда.
Милиция кызматкерлери менен аскер кызматчылары Баткен облусунун чек арага чектешкен аймактарда күндүзгү жана түнкү кайгуул иштерин жүргүзүшүүдө.
Ошондой эле ар бир жарандын укуктары менен коопсуздугун сактоо максатында Баткен облусунун жашоочуларына түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө. Ал эми Баткен ОИИБинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери атайын түзүлгөн багыттар менен жолдордо күнү-түнү кызмат өтөп жатышат.
Азыркы учурда Баткен облусунун Кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде абал туруктуу. Учурда абал тынч, эч кандай терс көрүнүш катталган жок.