ИИМ: "Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматы чындыкка дал келбейт"

Бүгүн, 19-сентябрь күнү Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча уюштурган брифингинде чындыкка дал келбеген маалыматтар айтылды.

Алардын айтуусунда, Бишкекте жана Кыргызстандын башка ири шаарларында тажик улутундагы жарандарды жарандыгына карабай, аларга карата мыйзамсыз зомбулук аракеттери колдонулган: аларды сабап, белгисиз тарапка алып кетүү.

Буга байланыштуу Ички иштер министрлиги Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги тараткан билдирүү чындыкка дал келбестигин жана эч кандай фактылар менен тастыкталбаганын билдирет.

"Башка мамлекеттин улутуна же жарандыгына карап эч кандай мыйзамсыз аракеттер же басмырлоо акыркы убакта реалдуу түрдө болгон эмес жана мындай фактылар катталган эмес. Биздин республикада 80ден ашык ар түрдүү улуттардын өкүлдөрү жашайт. Алар үчүн Кыргызстан мекени болуп эсептелет. Мамлекетибиздин аймагында жашаган жарандардын укуктары жана эркиндиктери республиканын Конституциясы, мыйзамдары менен корголот. Эч ким социалдык, кызматтык жана мүлктүк абалына, жынысына, расасына, улутуна, тилине, динге болгон мамилесине же башка жагдайларга карата басмырлоого дуушар болушу мүмкүн эмес", - деп айтылат ИИМдин билдирүүсүндө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан