Тажик аскерлери тарабынан барымтага алынган кыргызстандык аскерлердин абалы жакшы, бирок алардын бири жаракат алган. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, учурда аскер кызматкерлерине Баткендеги медициналык мекемеде тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлүп жатат.
Эскерте кетсек, бүгүн УКМК башчысы Камчыбек Ташиев укук коргоо органдарынын жана облустук бийлик өкүлдөрү менен биргеликте Тажикстандын аймагында болуп, тиешелүү сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тажик аскерлери тарабынан кармалган УКМКнын Чек ара кызматынын төрт аскерин бошотууну макулдашкан.