Ош шаарында Баткенден келген Каныкей аттуу келин уулдуу болду. Ага кыргыз-тажик чек арасындагы каргашалуу окуяда баатырларча курман болгон Эламан Ураимовдун урматына Эламан деген ысым коюлду. Бул тууралуу социалдык тармактын колдонуучулары жазышты.
Жаңы төрөлгөн ымыркай үй-бүлөнүн төртүнчү перзенти экени айтылды. Көз жарган келин Баткенден эл менен Ош шаарына эвакуацияланып келген. Ал Ош мамлекеттик университетинин жатаканасында жашап жаткан.