Баткенде окуу процессин калыбына келтирүү үчүн окуу китептери жана жабдуулары эсептелүүдө. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова маалымат жыйында билдирди.
"Окуу процессин калыбына келтирүү үчүн окуу китептери жана жабдуулары эсептелүүдө, видеосабактарды көрсөтүү мүмкүнчүлүгү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Окуу процессин оффлайн форматта жүргүзүү үчүн бузулбаган имараттар бир нече нөөмөт менен колдонулат. Окуу процесси үзгүлтүккө учурабашы үчүн балдарды жакынкы мектептерге да бөлүштүрөбүз", - деди Надира Жусупбекова.
Уюштурууга мүмкүн болгон жерде онлайн окутуу варианты да каралууда.