Жалал-Абад шаарынын айрым райондорунда жаратылыш газы өчүрүлөт. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» компаниясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 22-сентябрдан 23-сентябрга чейин Жалал-Абад шаарындагы газ өткөргүчтөрдүн айрым аймактарында келе жаткан күзгү-кышкы жылытуу мезгилине даярдануу максатында, пландалган оңдоо иштери жүргүзүлөт.
Өткөрүлө турган иштерге байланыштуу Жалал-Абад шаарынын төмөнкү көчөлөрүндө газ өчүрүлөт: Некрасов, Горький, С.Акбаров, Эркиндик, Калинин, Б.Сейил, Алыкулов.
«Газпром Кыргызстан» компаниясы тургундардан түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.