Кыргыз-тажик чек арасындагы каргашалуу окуяда каза болгон Нургазы Мамытовдун сөөгү жерге берилди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына маркумдун жакындары билдиришти.
Нургазы Мамытов 20 22 аскер бөлүгүнүн Орто-Боз чек ара заставасынын фельдшери болгон. Прапорщик Мамытов 6 жылдан бери ушул тармакта эмгектенип келген.
“Нургазы 6 жылдан бери жоокерлердин ден соолугуна кам көрүп келген. Өзүнүн ишин берилүү менен жасап, чек арачы экенине абдан сыймыктанчу. Алдыда жасай турган чоң максаттары бар болчу. Аларды ишке ашырганга жетишпей калды”, - дейт маркумдун жакыны.
Мамытов Нургазы Абдимиталипович 1987-жылы Баткен районуна караштуу Ак-Татыр айылында жарык дүйнөгө келген.
Шейит кеткен маркум 16-сентябрь күнү Баткен районунун Үч-Дөбө айылында чек арада куралдуу кагылышууда каза болгон. Ал жанында жүргөн аскерлердин өмүрүн сактап, өзүн душмандарга тосуп берген. Артында жубайы жана төрт кызы калды.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты шейит кеткен маркумдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.