Баткен, сен жалгыз эмессиң! Атайын эсепке дээрлик 179 миллион сом түштү

Саат 17:30га карата Тажикстандын куралдуу кол салуусунан жабыркаган Баткен облусунун жашоочуларына колдоо көрсөтүү үчүн Финансы министрлигинин бирдиктүү казыналык эсебине 178 миллион 819 миң 602 сом түштү. Бул тууралуу финансы министринин орун басары Жибек Дүйшеева "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйында билдирди.

Кабарлангандай, азыркы учурда атайын эсепке түшкөн акчалар эч жакка жумшала элек.

“Кечээ Финансы министрлиги тарабынан Баткенден эвакуацияланган жарандарды коопсуз аймактарга көчүрүүгө, тамак-аш, дары-дармек, медициналык каражаттар жана убактылуу турак жай менен камсыздоого бөлүнгөн 497 миллион 60 миң сом кандайча сарпталганын айта кетейин: Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 164 миллион сом, президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнө 100 миллион сомго жакын, Жалал-Абад жана Ош облустарындагы өкүлчүлүктөрүнө 20 миллион сомдон, Баткен облусунун ар бир райондук администрацияларына 10 миллион сомдон, Транспорт жана коммуникациялар министрлигине 26 миллион 800 миң сом жана Мамлекеттик милдеттүү камсыздандыруу фондусунун трансфереттерин жана дары-дармек менен камсыздоого 60 миллион сом бөлүндү", - деди Дүйшеева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан