Президент Садыр Жапаров бүгүн БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясынын жалпы дебаттарына катышуу үчүн БУУнун Нью-Йорк шаарындагы (АКШ) штаб-квартирасына барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, жалпы дебаттар башталаардын алдында мамлекет башчысы менен БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш учурашты.
Жапаров БУУнун башкы катчысы менен өзүнчө эки тараптуу жолугушат. Ошондой эле бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрөт.
"БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясынын жалпы дебаттарында президент Садыр Жапаров дүйнө өлкөлөрүнүн лидерлеринин ичинен биринчилерден болуп сүйлөйт. Тизмеде жетинчи", - деп айтылат билдирүүдө.
Мамлекет башчысынын сөзүнүн башталышы Бишкек убактысы боюнча болжол менен саат 20:30да күтүлүүдө.
Түз эфир УТРКнын, республикалык жана облустук телеканалдардын эфиринде, социалдык тармактардагы баракчаларда жеткиликтүү болот.