Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзийоев телефон аркылуу сүйлөштү

Бүгүн Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлайт.

Маалымдалгандай, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаал талкууланды.

Садыр Жапаров Шавкат Мирзийоевге кыргыз тараптан каза болгондордун жана жабыркагандардын саны, Баткен районунун чек арага жакын айылдарындагы жарандык жана социалдык инфраструктуралык объектилердин талкаланышы тууралуу айтып берди.

Өзбекстандын президенти Кыргызстандын түштүгүндөгү каргашалуу окуялардын учурунда каза болгондордун жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтты.

Тараптар Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы кырдаалды тынчтык дипломатиялык жол менен гана жөнгө салуунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Ошондой эле эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуу, биргелешкен долбоорлорду иш жүзүндө ишке ашыруу, анын ичинде “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу долбоорун илгерилетүү маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан