
21-сентябрда өлкөнүн айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө +25...+30,
Талас аймагында +23...+28,
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +26...+31,
Ысык-Көл чөлкөмүндө +20...+25
Нарын жергесинде +21...+26 градус болору айтылды.
Борбор калаа Бишкекте +28...+30, Ошто +29...+31 градуска жетет.