Садыр Жапаров БУУнун трибунасында Тажикстандын куралдуу кол салуусун айтты

"Кыргыз тарап бөтөн өлкөнүн жерине көз артпайбыз. Бирок өзүбүздүн бир да сантиметр жерибизди бербейбиз". Мындай пикирин президент Садыр Жапаров БУУнун 77-сессиясынын жалпы дебаттарында сүйлөп жатып билдирди.

"Тажикстан бир нече жолу биздин өлкөгө бастырып келип, анын натыйжасында биз көптөгөн жарандарыбыздан айрылдык. Алар канчалаган куралдуу кол салууга барбасын, биз дайыма адекваттуу гана жооп менен чектелип келебиз. Анткени биздин өлкө маселени сүйлөшүү жолу менен чечүүгө кызыкдар", - деди Садыр Жапаров.

Эскерте кетсек, учурда АКШнын Нью-Йорк шаарында БУУнун 77-сессиясынын жалпы дебаттары өтүп жатат. Анда президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан