Президент: "Биз дайыма эл аралык талаш-тартыштарды тынчтык жолу менен чечүүгө умтулабыз"

"Биз дайыма эл аралык талаш-тартыштарды тынчтык жолу менен чечүүгө умтулабыз". Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Нью-Йорк шаарында БУУнун трибунасында сүйлөп жатып билдирди.

Анда президент Кыргызстан мамлекеттүүлүктү түзгөндөн баштап эле БУУнун уставын ырааттуу жана катуу сактап, милдеттерин ак ниет аткарып келе жатканын айтты.

Ошол эле учурда ушул жылдын март айында өлкөнүн Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө болгонуна 30 жыл толгонун, ал эми Кыргызстан эгемендүүлүгүнүн 31 жылдыгын жакында эле 31-августта белгилегенин билдирди.

"Биз эл аралык мамилелерде “кандайдыр бир мамлекеттин аймактык бүтүндүгүнө же саясий көз карандысыздыгына каршы күч колдонуудан же коркунуч келтирүүдөн” дайыма алыспыз. Өлкөбүздүн басып өткөн татаал жолуна көз чаптырып, Кыргызстандын көз карандысыз жана эгемендүү мамлекет, эл аралык коомчулуктун тең укуктуу жана жоопкерчиликтүү мүчөсү катары калыптанышына БУУнун кошкон көп кырдуу салымын абдан жогору баалайбыз. Саясий, коомдук жана жарандык институттарды калыптандырууда, демократияны чыңдоодо, рыноктук экономиканы өнүктүрүүдө БУУнун колдоосун жана жардамын элибиз эч качан унутпайт. Өзүнүн эгемен мамлекетин түзүү жөнүндө кыргыз элинин кылымдардан бери келе жаткан асыл максатын ишке ашырууга чын ыкластан жана жан дили менен жардам берген БУУнун системасынын бардык жетекчилерине жана кызматкерлерине айкөл элибиздин жана жеке өзүмдүн атымдан терең ыраазычылык билдирем. Сиздерге чоң рахмат!", - деди президент.

Эскерте кетсек, учурда АКШнын Нью-Йорк шаарында БУУнун 77-сессиясынын жалпы дебаттары өтүп жатат. Анда Садыр Жапаров дүйнө өлкөлөрүнүн ичинен биринчилерден болуп сөз сүйлөдү.

Сапардын алкагында Жапаров БУУнун башкы катчысы менен өзүнчө эки тараптуу жолуга турганы айтылган. Ошондой эле бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушууларды да өткөрөт.



.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан