Жапаров: "Биз эч качан биринчи болуп кол салган эмеспиз жана кол салбайбыз"

"Бизде тажик тараптын өткөн жылдарда жана кечээки жасаган укукка каршы биринчилерден болуп кол салган иш-аракеттеринин документтештирилген далилдери бар" деди президент Садыр Жапаров БУУнун трибунасында.

Жапаров Тажикстандын мыйзамга каршы соңку аракеттеринин кесепетинен ишеним солгундап кеткендигин айтты. Ошондуктан сүйлөшүүлөрдү улантууга эл аралык, анын ичинде БУУ, Европа Кызматташтык жана Коопсуздук Уюму, Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюму сыяктуу уюмдардын ортомчулугуна да даяр экенин белгиледи.

"Биз эч качан биринчи болуп кол салган эмеспиз жана кол салбайбыз. Ар дайым курал колдонуудан алыс болууга аракет жасап келебиз жана эч качан куралсыз жай тургундарды атпайбыз! Бизге дайыма тажик тараптын жасаган агрессиясына адекваттуу жооп кайтаруу менен гана чектелип жатабыз", - дейт президент.

Эске сала кетсек, учурда АКШнын Нью-Йорк шаарында БУУнун 77-сессиясынын жалпы дебаттары өтүп жатат. Анда мамлекет башчысы Садыр Жапаров дүйнө өлкөлөрүнүн лидерлеринин ичинен биринчилерден болуп сөз сүйлөдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан