"Кыргыз калкымдын сынына кабылсам да, ортолук аянтта жолук деген талапты коюшкан. 2021-жылдын июнунда Дүйшөмбү шаарына учуп барып, Чек ара боюнча өз ара пайдалуу чечимди табууга аракет кылып, президент Рахмон менен жолугуштум", - деди президент Садыр Жапаров БУУнун 77-сессиясынын жалпы дебаттарында сүйлөп жатып.
Президент 2021-жылдын апрелинде Тажикстандын куралдуу күчтөрү Кыргызстандын аймагына негизсиз эле масштабдуу агрессия жасаганын айтып, анын кесепетинен 36 жаран курман болуп, олуттуу материалдык зыян келтирилгенин белгиледи.
"Элим үчүн мен сүйлөшүүлөргө, ошол күндөгүдөй он саат гана коротпостон, бул маселени биротоло чечүү үчүн канча болсо да убактымды дагы деле коротууга даярмын. Албетте, кандай чечим болсо дагы өз ара эки тарапка пайдалуу чечим болушу керек", - деди Садыр Жапаров.
Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаров бүгүн БУУнун трибунасында сөз сүйлөп, дүйнөлүк коомчулукка Тажикстандын Кыргызстандын аймагына негизсиз жасаган агрессиясын айтты.