Бүгүн, 21-сентябрь Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 13 миллиард 520 миллион куб метрди түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун сайтында жарыяланды.
Анда жазылган маалыматка ылайык, суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 304 метр куб, агып чыгышы 139 метр кубду түзүүдө.
Эскерте кетсек, өткөн 2021-жылдын дал ушул күнү суунун көлөмү 12 миллиард 211 миллион метр кубду түзгөн.